Эл керектөөчү товарлар иши боюнча ишкерлерге келтирилген зыяндын орду толтурулду. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Көп жылдар бою ишкерлерден жана Кыргыз жарандарынан Кытайдан экспорттолгон жүктөрдү жана эл керектөөчү товарларды мыйзамсыз тартып алуу менен алектенип келген, ошону менен бирге Кыргыз Республикасынын жана КМШ өлкөлөрүнүн аймагында туруктуу кылмыштуу схеманы уюштурушкан, маркум кылмыштуу лидер Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрү кармалган.
УКМКга кылмышкерлер тарабынан 385 миң доллар өлчөмүндө материалдык зыян тарткан жаран арыз менен кайрылган. Жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгында арыз ээсинин жүйөлөрү тастыкталып, УКМК тарабынан “өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылык” фактысы боюнча кылмыш иши козголгон. Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, ошондой эле иш боюнча чогултулган далилдердин негизинде Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун айрым мүчөлөрү, анын ичинде Юстиция министрлигине караштуу ЖАКтын түзөтүү мекемелеринде жазасын өтөп жаткан адамдар аныкталып, кармалган.
Тергөөнүн жыйынтыгында кармалган айрым адамдар тарабынан келтирилген зыян транспорттук-логистикалык ишканага жана эл керектөөчү товарлардын ээлерине толугу менен толтурулду. Учурда сотко чейинки өндүрүштүн материалдарынын негизинде тергөө амалдары уланууда.