27-мартта УКМК тарабынан 1995-жылы туулган Жалал-Абад шаарынын тургуну кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Ал мурда Коргоо министрлигинин атайын бөлүмдөрүндө кызмат өтөгөн. Кармалган жаран 2022-жылдын аягында Кыргыз Республикасынан чыгып кеткен, ал ЭТУнун тарабында куралдуу кагылышууларга катышуу үчүн Сирияга өтүп кетүүгө аракет кылган.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 37-256-беренесинин 2-бөлүмү (кылмыш жасоого аракеттенүү — Кыргыз жаранынын чет мамлекеттин аймагындагы куралдуу жаңжалдарга же согуш аракеттерине катышуусу же террордук актыны жасоо үчүн даярдыктан өтүүсү) боюнча кылмыш иши козголуп, кармалган адам УКМКнын тергөө абагына киргизилип, ыкчам-иликтөө иш-чаралары уланууда.












