УКМК: «Коррупцияга каршы элдик кыймыл» коомдук бирикмесинин директору кармалды

УКМК тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесинин 1-бөлүгү (Опузалап пара талап кылуу) боюнча ири өлчөмдө пара алып жаткан жеринен «Коррупцияга каршы элдик кыймыл» коомдук бирикмесинин директору 1961-жылы туулган кармалды. Бул тууралуу атайын кызматтан маалымдашты.

Кармалган жаранаталган акча каражатын, анын демилгеси боюнча Кемин районунун ички иштер бөлүмүндө каралып жатат деп, Кичи-Кемин айыл аймагынын башчысын финансылык ишмердигин текшерүүнү токтотуу үчүн опузалап талап кылгандыгы аныкталган. Мындан тышкары, ал подрядчыларга кызматташууну сунуштап, тендерлерди оң чечимге чечип берүүсүн убада кылып, ал үчүн жарыяланган тендердин суммасынан 10 пайызын талап кылган. Эгер баш тартса, ал ошондой эле алардын уюмун текшерүүгө аракет кылам деп коркуткан. Шектүүнүн бул аракеттери мамлекеттик жана муниципалдык мекемелердин, ошондой эле жеке уюмдардын жетекчилеринин нааразычылыгын жараткан. Азыркы учурда кармалган жаран УКМКнын тергөө камак жайына киргизилип, тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.