Дүйшөмбү, 16.03.2026
Бишкек booked.net
+19...+31° C
  • Жарнама
  • Байланыш
 SerepKG
Биз социалдык тармакта
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
No Result
Бардык жыйынтык
Башкы бет КАБАРЛАР КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР

УКМК: «Кумтөр» боюнча Акаев, Бакиев жана жогорку кызматтагы адамдар кылмыш жоопкерчилигине тартылышты»

17:43 09.07.2021
0
УКМК: «Кумтөр» боюнча Акаев, Бакиев жана жогорку кызматтагы адамдар кылмыш жоопкерчилигине тартылышты»

«Кумтөр» долбоору боюнча өлкөнүн мурунку президенттери Аскар Акаев, Курманбек Бакиев жана жогорку кызматтагы адамдар кылмыш жоопкерчилигине тартылышты. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Ведомстволор аралык тергөө тобу “Кумтөр” кенин иштетүү боюнча долбоорду ишке ашыруунун ар кандай этабындагы коррупциялык фактылар боюнча кылмыш ишин иликтөөнү улантууда. Тергөө тобу «Кумтөр» долбоорунун алкагында Кыргыз Республикасы менен канадалык инвесторлордун ортосундагы келишимди түзүүнүн жана реструктуризациялоонун жагдайларын аныктоого багытталган ири көлөмдөгү иштерди жүргүзгөн.

«Бүгүнкү күнгө чейин тергөө иш-аракеттери топтолгон далилдер менен тастыкталган негиздүү тыянактарда, келишимдерди жана ар кандай толуктоолорду, өзгөртүүлөрдү жана тактоолорду түзүүдө, «Комеко» жана «Центерра» компаниялары сунуш кылган канадалык инвесторлор менен кызматташууда ири коррупциянын белгиси бар экени, «Кумтөр» кенин иштетүү менен байланышкан жана алардын шарттары Кыргыз Республикасынын элинин негизги кызыкчылыктарына жооп берген эмес. Ушуга байланыштуу, 1992-жылы Башкы келишимди түзүүдө жана ага 1994-жылы өзгөртүүлөрдү киргизүүдө экс-президент Аскар Акаев жана Реконструкциялоо жана экономикалык өнүгүү комитетинин мурдагы төрагасы Борис Бирштейнге коррупция фактысы боюнча сыртынан кылмыш иши козголуп, издөөдө жүргөн, жана экс-премьер-министрлер Турсунбек Чынгышев, Апас Жумагулов жана «Кыргызалтын» мамлекеттик концернинин мурдагы президенти Дастан Сарыгуловго кылмыш жасагандыгы үчүн шектүү деп табылып эскертүү берилген», — деп айтылат маалыматта.

«Комеко» компаниясы менен 2003-жылы түзүлгөн Башкы келишимди реструктуризациялоо учурундагы коррупция фактысы жөнүндө, анын натыйжасында Кыргыз Республикасынын «Центеррадагы» үлүшү 25,7 пайызга (7,3 миллиард сом) төмөн бааланып, мурдагы президент Аскар Акаев дагы сыртынан кылмыш жоопкерчилигине тартылган.

Ошондой эле, тергөө тарабынан 2009-жылы Кумтөр долбоорунун жаңы шарттары боюнча келишим түзүүдө коррупция фактысы боюнча юридикалык баа берилип, өлкөнүн жогорку кызмат адамдары 1992, 1994 жана 2003-жылдары түзүлгөн келишимдерде, улуттук кызыкчылыктардан «Центерранын» кызыкчылыктарын жогору коюп, республиканын экологиясына жана экономикалык кызыкчылыктарына зыян келтирип, ушул компанияга атайылап чексиз мүмкүнчүлүктөрдү берген.

«Ушуга байланыштуу, ушул эпизод боюнча, кылмышка шектүү деген билдирүү өлкөнүн мурдагы премьер-министри Игорь Чудиновго жана «Кыргызалтын» ААКнын мурунку башкармалыгынын төрагасы Жакыповго, жана Госгеологиянын мурдагы директору Курманалиевге, директорлор кеңешинин төрагасы Елисеевге, инвесторлордун өкүлү Сазановго, мурдагы президент Курманбек Бакиевге жана анын уулу Максим Бакиевге издөө жарыяланды. Тергөө тарабынан аныкталган коррупциялык фактыларды жана Кыргыз Республикасынын элинин кызыкчылыгына жооп бербеген канадалык инвесторлор менен түзүлгөн келишимдердин шарттарын эске алуу менен, тергөө, республиканын Башкы прокуратурасы менен биргеликте «Кумтөр» долбоору боюнча келишимдерди денонсациялоо процессин баштаган.

Ошентип, 1992-2009-жылдардагы эпизоддор боюнча тергөө иштери акыркы баскычта турат. Ошол эле учурда, 2017-жылы Кумтөр долбоору боюнча кийинки келишимдерди түзүү боюнча иликтөө улантылууда, жыйынтыгы боюнча соттолуучуларга юридикалык баа берилип, ал жөнүндө УКМК коомчулукка кошумча маалымдайт», — деп айтылат маалыматта.

БөлүшүүБөлүшүүTweetЖиберүүБөлүшүүБөлүшүү
Эдита Ильясова

Эдита Ильясова

Окшош

Кара-Балтада күйөөсүн өлтүрүүгө шектелип аялы кармалды

Кара-Балтада күйөөсүн өлтүрүүгө шектелип аялы кармалды

Автор СЕРЕП МЕДИА
10:15 12.03.2026
0

Кечээ, 11-март күнү саат 12:20да Жайыл РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө телефон аркылуу кабар келип түшкөн. Анда У.В. аттуу жаран Кара-Балта шаарындагы...

Бишкекте кайгуул кызматкерлери зордуктоо кылмышына шектелген жүк ташуучу унаанын айдоочусун кармашты

Бишкекте кайгуул кызматкерлери зордуктоо кылмышына шектелген жүк ташуучу унаанын айдоочусун кармашты

Автор СЕРЕП МЕДИА
09:42 12.03.2026
0

10-март күнү саат 20:35 чамасында «102» кызматына белгисиз жүк ташуучу унаанын айдоочусу 2006-жылы туулган А.Б.К. аттуу жаранга карата зордуктоо кылмышын...

«УКМК тарабынан кармалды, арыз жазам деп коркуткан». Бишкекте 50 миң доллар талап кылууга шектүү кармалды

«УКМК тарабынан кармалды, арыз жазам деп коркуткан». Бишкекте 50 миң доллар талап кылууга шектүү кармалды

Автор СЕРЕП МЕДИА
09:37 12.03.2026
0

Бишкек шаарынын Биринчи Май районунун ички иштер башкармалыгына З.С. аттуу жаран жазуу жүзүндө арыз менен кайрылып, анда А.И.ге карата чара...

Бийликти каралоого жана коомдук-саясий абалды курчутууга багытталган посттор… ИИМ журналист камакка алынганын билдирди

Бийликти каралоого жана коомдук-саясий абалды курчутууга багытталган посттор… ИИМ журналист камакка алынганын билдирди

Автор СЕРЕП МЕДИА
09:27 12.03.2026
0

9-мартта социалдык тармактарга жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыгында «Facebook» социалдык тармагындагы «Даниэль Жоошбаев» аттуу аккаунт колдонуучусу аркылуу Кыргыз Республикасынын бийлигин каралоого жана...

УКМК экс-депутат Куванычбек Конгантиевдин кармалышы боюнча маалымат таратты

УКМК экс-депутат Куванычбек Конгантиевдин кармалышы боюнча маалымат таратты

Автор СЕРЕП МЕДИА
18:13 11.03.2026
0

УКМК тарабынан коррупцияга каршы күрөшүүнүн алкагында кечээ, 10-мартта 1980-жылы туулган Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты К.К.К.га карата кылмыш иши козголду. Тергөө...

Комментарий кошуу Отменить ответ

Сиздин email дарек жашыруун бойдон калат. * - сөзсүз толтурулушу керек

  • Популярдуу
  • Комментарийлер
  • Жаңы

АРХИВ

Март 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031  
« Фев    
Посмотреть на карте Бишкека
Найти проезд до СерепТВ , информационный портал

Биздин дарек:
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары.

Коёнкөзов көчөсү, 75

Кеӊсе
+996 (770) 88-29-00
info@serep.kg

Реклама бөлүмү
+996 (222) 88-29-29
reklama@serep.kg

Биз социалдык тармакта

Купуялык саясаты

©2021 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • СПОРТ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СЕРИАЛДАР
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
  • Жарнама
  • Байланыш

©2026 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

Кош келдиңиз!

Төмөндө сиздин эсебине кирүү

Сыр сөзүңүздү унуттуңузбу? Каттоо

Аккаунт түзүү

Катталуу үчүн төмөнкүлөрдү толтуруӊуз

Баарын толтуруӊуз. Кирүү

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Кирүү