УКМК: Курал-жарактардын жана жардыруучу заттардын жашырылган жери табылды

УКМКнын Талас облусу боюнча башкармалыгы тарабынан курал-жарактарды, ок-дарыларды жана жардыргыч заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүүгө багытталган ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, алдын ала жүргүзүлгөн текшерүүнүн иштеринин алкагында ок атуучу куралдар жана жардыргыч заттар сакталган жашыруун жай табылды. Бул тууралуу атайын кызматтан маалымдашты.
2-февралда УКМКнын чек ара кызматынын Талас облусу боюнча башкармалыгынын саперлору менен биргеликте жүргүзүлгөн иш-чаранын натыйжасында, Кара-Буура районунун Казакстан менен чектешкен тоолуу аймагынан жашыруун жай табылып, андан (РГД-5) жарылуучу зат жана номерлери өчүрүлгөн 12-калибрдеги жылмакай мылтык табылып алынган. Учурда бул фактыга тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.