УКМК мамлекеттин пайдасына мүлктөр конфискацияланганын билдирди.
Маалыматка караганда, Талас облусунун аймагында жүргүзүлгөн иш-чаралардын алкагында УКМК тарабынан жер казынасын пайдалануу укугуна лицензия берүүдөгү коррупциялык схеманын бети ачылган.
Тергөөнүн жүрүшүндө айрым адамдар Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин кызмат адамдары менен бүтүм түзүп, материалдык пайда алуу максатында мыйзамдын талаптарын бузуу менен пайдалуу кендерди казып алуу боюнча ишканалардын лицензиясын мыйзамсыз алуу схемасын уюштурушкандыгы аныкталган. 27-февралда Талас облусунун Айтматов райондук сотунун өкүмү менен аталган тармактагы коррупциялык схеманын уюштуруучуларынын төмөнкү мүлктөрүн конфискациялоого өкүм чыгарылды.
— Кымбат баалуу 8 унаа;
— Бишкек шаарындагы элиталык турак жай комплекстеринде 4 унаа токтотуучу жай;
— Бишкек шаарындагы элиталык турак жай комплексиндеги турак эмес жайлар;
— Бишкек шаарындагы элиталык турак жай комплекстеринен 4 батир;
— Бишкек шаарынын «Браво» коттедж шаарчасында (Орто-Сай айылы) жайгашкан 2 турак жай;
— Бишкек шаарынын «Ордо» VIP шаарчасындагы (Орто-Сай айылы) 2 турак жай;











