УКМК кызматкерине 30 миң доллар пара берүүгө шектелип 2 жаран кармалды

Мурда УКМК тарабынан Кыргыз Республикасынын чек арасы аркылуу Казакстанга салмагы 11 килограмм 510 грамм баңги затын алып өтүүгө аракет кылган Кыргыз жараны кармалган. Ага карата Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин 2-бөлүмү (Баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын окшошторун сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо) менен козголгон кылмыш ишине оң чечим чыгаруу үчүн УКМК кызматкерине 30 миң доллар өлчөмүндө пара сунуштаганы аныкталды.

19-февралда бул факты Кылмыш-жаза кодексинин 345-беренесинин 3-бөлүгү (Пара берүү) боюнча каралган кылмыштын негизинде кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган. 5-мартта жүргүзүлгөн атайын ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында, УКМК кызматкерине 2 миллион 745 миң сом жана 2 миң доллар өлчөмүндө пара берип жаткан учурда жогорудагы Кыргыз жараны жана анын бир тууганы кармалды. Учурда козголгон кылмыш ишинин алкагында тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.