УКМК кызматкерине 75 миң сом өлчөмүндө пара берип жаткан учурда Ош облусунун Алай районунун тургуну кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Шектүү мурда Алай районундагы сүт-товар фермасына таандык болгон жалпы аянты 3 гектар болгон жер тилкесин мыйзам бузуу менен менчиктештиргенин текшерүү иш-чараларын токтотуу максатында пара берген. Учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө.