ИИМдин Ош облусу боюнча Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын инспектору системалуу түрдө акча чогултканы үчүн кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Иш-чаралардын жүрүшүндө айрым инспекторлор системалуу түрдө жол кыймылынын эрежелерин бузгандардан акча каражатын опузалап талап кылуу менен алектенишкени аныкталган.
Материалдык пайда табуу максатында Ички иштер министрлигинин Ош облусу боюнча Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын айрым инспекторлору жол эрежесин бузгандардан мобилдик капчыктарын толтурууну талап кылып, алардын ордуна административдик бузуулар боюнча тиешелүү протоколдорду түзүшкөн эмес.
Мындан улам, 15-январда ИИМдин Ош облусу боюнча Ички иликтөө кызматы менен биргеликте жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө ИИМдин Ош облусу боюнча Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын инспектору милициянын старшинасы кармалды.
Учурда козголгон кылмыш ишинин алкагында тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча тиешелүү ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүүдө.