УКМК тарабынан Кыргызстанга кымбат баалуу автоунааларды мыйзамсыз алып өтүүгө каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында 6-июнга караган түнү Лейлек районунун Раззаков шаарында Лексус GX 470 үлгүсүндөгү унаа кармалган.
Бул унаа жасалма номурлар менен болгон жана ыкчам маалыматтар боюнча, коңшу мамлекеттин аймагынан мыйзамсыз айдалып келген. Унааны өзүн Нарын облусунун прокуратурасынын кызматкеримин деп тааныштырган Лейлек районунун тургуну башкарып бара жаткан. Учурда УКМК облустук прокуратура менен биргеликте тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чараларын жүргүзүп жатат.
24-июль күнү Кемин райондук ички иштер бөлүмүнө Кемин шаарынын тургуну, 1963-жылы туулган П.Л. аттуу жаран Кемин шаарынын Панфилов көчөсүндө жайгашкан...
Жалал-Абад маданият техникумунун директору абитуриенттерден пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. УКМК билим берүү системасындагы коррупциялык көрүнүштөрдү...
Кыргызстандын суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигине караштуу ветеринардык кызматтын Бишкек башкармалыгынын эсепчиси кармалды. Бул тууралуу...