УКМК: Лейлекте мыйзамсыз алып келинген Лексус GX 470 унаасы кармалды

УКМК тарабынан Кыргызстанга кымбат баалуу автоунааларды мыйзамсыз алып өтүүгө каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында 6-июнга караган түнү Лейлек районунун Раззаков шаарында Лексус GX 470 үлгүсүндөгү унаа кармалган.
Бул унаа жасалма номурлар менен болгон жана ыкчам маалыматтар боюнча, коңшу мамлекеттин аймагынан мыйзамсыз айдалып келген. Унааны өзүн Нарын облусунун прокуратурасынын кызматкеримин деп тааныштырган Лейлек районунун тургуну башкарып бара жаткан. Учурда УКМК облустук прокуратура менен биргеликте тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чараларын жүргүзүп жатат.