УКМК: «Чек араны мыйзамсыз кесип өткөн коңшу мамлекеттин үч жараны кармалды»

Мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өткөн коңшу мамлекеттердин биринин үч жараны кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

УКМК тарабынан мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүүнү аныктоо жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чаралардын алкагында, мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өткөндүгүнө шектелип коңшу өлкөлөрдүн биринин үч жараны кармалды. 21-июнда Баткен облусунун чек ара аймагынан Hyundai Porter жүк ташуучу унаага 50 түп чөптү таңгактап жүктөп алышкан 3 жаран кармалган. Мыйзамсыз кесип өтүү фактысы боюнча тергөө бөлүмү тарабынан кылмыш иши козголуп, эки жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда текшерүү амалдары жүрүп жатат.