Бишкек шаарында билим берүү тармагында кезектеги коррупциялык схема аныкталып бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Кылмыш ишинин алкагында балдардын тамак-ашынын негизинде мыйзамсыз баюу боюнча Бишкек мэриясынын Октябрь райондук билим берүү бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан уюштурулган коррупциялык схема аныкталып, токтотулган. Тергөөнүн жүрүшүндө, жогорудагы адамдар жеке материалдык пайда алуу максатында алдын ала бир чечимге келип алышып, Октябрь районундагы мектептерге жана мектепке чейинки билим берүү мекемелерине тамак-аш сатып алуу боюнча филиалдарга, продукцияларды жеткирүүчүлөргө ар кандай тендерлерде жеңиштерди ыйгарып турганы аныкталды. Жалган фирмалар аркылуу жасалма тендерлерди өткөргөн фактылары такталган. Шектүүлөр жасаган кызматы үчүн өткөрүлгөн тендердеги сумманын 10 пайызын жеңдирип бергендиги үчүн дайыма алып турган.
Ошону менен бирге иш жүзүндөгү каржылоонун кыскарышы жана берүүчүлөр тарабынан пайдага муктаждык балдарга берилүүчү тамак-аш азыктарынын сапатынын төмөндөшүнө таасирин тийгизген. Ошентип, алардын бири нан азыктарын жеткирүү боюнча өткөрүлгөн тендердин жыйынтыгында 220 миң сом өлчөмүндөгү акча каржатын алганы боюнча көрсөтмөлөр алынгын. Текшерүүнүн жыйынтыгында мамлекетке миллиондогон доллар зыян келтирилгени аныкталып, зарыл болгон соттук-медициналык экспертизалар дайындалган.
Маалымат иретинде: 2022-жылы Октябрь районундагы мектептерге жана мектепке чейинки билим берүү уюмдарына тамак-аш азыктарын сатып алууга бюджеттик каражаттардын эсебинен 230 миллион 141 миң сом бөлүнгөн, тагыраак айтканда, мектепке чейинки билим берүү уюмдарына (бала бакчаларга) 182 миллион 682 миң сом, мектептерге (1-4-класстар үчүн) 47 миллион 459 миң сом бөлүнгөн.
Учурда К.А.К. кармалып УКМКнын тергөө камак жайына киргизилди, ал эми Д.А.А. дагы кармалып УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргилди. Азыркы учурда мындан башка коррупциялык фактыларды аныктоо жана бул ишке тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралары уланууда.