УКМК: «Ошто «Хизбут-Тахрир» диний экстремисттик уюмдун лидери кармалды»

«Хизбут-Тахрир» диний экстремисттик уюмдун лидери кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

УКМК тарабынан жүргүзүлүп жаткан ыкчам-издөө иш-чараларынын алкагында, жашыруун экстремисттик иштерди уюштурган, «Хизбут-Тахрир» уюмунун лидери аталган чет өлкөлүк жарандын ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду. 4-ноябрда Өзбекстандагы «Хизбут-Тахрир» уюмунун ишмердүүлүгүн жүргүзүүнүн жооптуу адамы Кыргыз Республикасынын түштүк аймактарында «Хизбут-Тахрир» түзүмдөрүн түзүү жана бекемдөө боюнча өзүнүн санаалаштары менен жигердүү көмүскө иш-аракеттерди жүргүзүп жүргөн, Өзбекстан тарабынан издөөгө алынган жаран Ош шаарынын аймагынан кармалды.

Такталган маалыматтар боюнча, кармалган жаран жасалма документ менен Кыргыз Республикасынын аймагында жашырынып жүргөндүгү аныкталды. Топтолгон далилдердин негизинде УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.