Электрондук виза даярдоо боюнча мыйзамсыз каналга бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Маалыматка караганда, УКМК чет өлкөлүк жарандар үчүн Кыргызстанга кирүү визаларын мыйзамсыз даярдоо каналын аныктаган.
«Пакистандын жараны материалдык баюу максатында 14 пакистандык жарандын ишенимине кирип, аларга бардык керектүү документтерди берүүгө убада кылган. Аталган жаран өзү Кыргызстандын аймагында 17 жылдан ашык убакыттан бери болгон жана бул факторду анын өлкөдө керектүү байланыштары бар экендигин жана Пакистандын жогоруда аталган жарандары үчүн электрондук визаларды бере ала тургандыгын ырастоо катары колдонгон. Бул үчүн жабыркаган жарандардан 1 миллион сомдон ашык акча алган»,- деп айтылат маалыматта.
Бул боюнча документтерди жасалмалоо жана алдамчылык боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди.