Жүргүзүлгөн иш-чаралардын алкагында УКМК тарабынан Панфилов атындагы парктын аймагында жайгашкан жалпы аянты 0,48 га болгон муниципалдык жер тилкесин жеке менчикке мыйзамсыз берүү фактылары аныкталды.
Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан токтом чыгаруу жолу менен жеке адамдарга мыйзамсыз жер тилкесин алып чыгуу боюнча коррупциялык схеманы айрым жогорку даражалуу аткаминерлер уюштургандыгы такталган. Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын алкагында жалпы суммасы 268 миллион 900 миң сомду түзгөн, 0,48 га муниципалдык жер тилкелерин мыйзамсыз ээлеп алуу боюнча кылмыш схемасына тиешеси бар адамдар аныкталган. Көрүлгөн чаралар менен соттун чечимине ылайык жогоруда аталган спорт комплекси мамлекеттин менчигине өткөрүлдү.
УКМК мурда мыйзамсыз менчиктештирилген кыймылсыз мүлктөрдү мамлекеттин менчигине кайтарууга багытталган тиешелүү иштерди улантууда. Ошону менен бирге, колдо болгон процессуалдык материалдардын алкагында объектти мыйзамсыз менчиктештирүүгө катышкан кызмат адамдарынын жана башка адамдардын аракеттерине укуктук баа берилет.