УКМК калкка ашыкча жогорулатылган баада дары-дармектерди сатууну көздөгөн компаниялардын тобун аныктады. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Бул факты боюнча сотко чейинки өндүрүш башталып, анын алкагында аталган компаниялардын офисинде жана кампасында тинтүү иштери жүргүзүлүп, кошумча экинчи бухгалтерия бар экендигин тастыктаган финансылык документтер алынган. «Ошол эле учурда бул компаниялар тобу контролдоочу мамлекеттик органдардын айрым кызмат адамдарынын колдоосу менен салык төлөмдөрүнөн качуу үчүн импорттук дары-дармектердин чыныгы баасын жашырып, андан ары дарыларды калкка сатууда баасы боюнча спекуляция кылганы аныкталды. Бул дары-дармектерди жеткирүүчүлөрдүн жогоруда айтылган мыйзамсыз аракеттеринин натыйжасында өлкөнүн бюджетине салык түшпөгөндүгүнө жана ошондой эле калкка сатылганда дары-дармектердин анын ичинде өтө керектүү дары-дармектердин баасынын негизсиз жогорулатылышына алып келет. Мындан сырткары, иликтөөнүн жүрүшүндө бул компаниялардын саламаттыкты сактоо системасы аркылуу акчалай сый акы үчүн импорттолгон кымбат баалуу дары-дармектердин аналогдорун таратуу менен мыйзамсыз соода ыкмаларын жана адилетсиз атаандаштыкты колдонууга катышкандыгы боюнча далилдер алынды», — деп айтылат маалыматта.
Иш жүзүндө алынган далилдерди эске алуу менен аталган ишканалардын жетекчилеринин бири кармалып, Кылмыш-жаза кодексинин 319-беренесинин 1-бөлүмү (коррупция) кылмыш иши козголду. Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту ага карата УКМКнын тергөө камак жайына камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасын тандаган. Азыркы учурда тергөө бул компаниялардын мыйзамсыз иш-аракеттеринин натыйжасында мамлекетке келтирилген зыяндын так суммасын жана кылмышкерлердин чөйрөсүн аныктап жатат, алардын аракеттерине тергөөнүн жыйынтыгы боюнча мыйзамдуу баа берилет.











