УКМК: «Эксперттер өлгөндүгү тууралуу күбөлүк берүү үчүн акча алып жүрүшкөн»

Пара алуу фактысы боюнча Жайыл райондук соттук-медициналык экспертизанын жетекчиси кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматка караганда, Жайыл райондук соттук-медициналык экспертизанын жетекчиси каза болгон адамдын сөөгүн өлүкканага кабыл алуу жана каттоо, өлгөндүгү жөнүндө күбөлүктөрдү берүү жана маркумдун сөөгүн ачуудан баш тартуу боюнча атайын коррупциялык схема уюштуруп алган. Тиешелүү ыкчам-издөө иш-чараларын жүрүшүндө соттук-медициналык экспертизанын кызматкерлери тарабынан ар кандай мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү үчүн акча каражаттарын системалуу түрдө алып жаткандыгы жөнүндө маалыматтар алынган. Тактап айтканда, аталган мекеменин кызматкерлери тарабынан пара алуу боюнча 10дон ашык фактылар аныкталып документтештирилген. Кармалган адам УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.