УКМК Сузак милициясынын бөлүм башчысы менен чогуу 2 кызматкерди кармады

Каракчылык кылган кылмыштуу топтун мүчөлөрү, ошондой эле кылмышты жашырган Сузак районунун милиция кызматкерлери кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

26-декабрда УКМК тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 1-бөлүгү (кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен козголгон кылмыш ишинин алкагында Жалал-Абад облусундагы Сузак РИИБинин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн башчысы жана анын кол алдындагы эки кызматкери кармалды. 9-декабрда кылмыштуу топтун 10го жакын мүчөсү Сузак районунун Ырыс айыл аймагында ок атуучу жана башка куралдарды колдонуу менен каракчылык кылганы аныкталган. Анын кесепетинен жаран жабыркап, бычактан алган жаракаттары менен ооруканага жеткирилген.

«Бирок Сузак райондук ички иштер бөлүмүнүн милиция кызматкерлери ошол кезде жетиштүү материалдарга карабастан, оор кылмыш жасаган кылмыштуу топтун мүчөлөрүн табуу жана кармоо боюнча тийиштүү чараларды көрүшкөн эмес. Ошол эле учурда милиция кызматкерлери кармалгандарды кылмыш жоопкерчилигине тартпагандыгы үчүн алардан өзгөчө ири өлчөмдө пара алганы аныкталган. Ошондой эле, аталган ОИИБдин кызматкерлери кийин издөөдө жүргөн кылмышкерлердин жакындары менен бир нече жолу жолугуп, алар менен жеке сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, кылмышты жашыруу үчүн талап кылынган паранын суммасын айтышкан. Кызматкерлер алардын айрымдарын кармашып, ок атуучу куралдарын (уруксатсыз травматикалык тапанча) тартып алышкан, бирок тиешелүү процессуалдык документтерди толтурбастан, өздөрүнө өткөрүп беришкен. Бул тапанча Сузак РИИБнин ыкчам кызматкерлеринин иш бөлмөсүнөн тинтүү учурунда табылган. УКМК тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында 9-декабрда каракчылык фактысын жасаган бул топтун 5 мүчөсү кармалды», — деп айтылат маалыматта.