УКМК: «Тайырбек Сарпашев УКМК менен кызматташып, баалуу маалыматтарды берди»

Тайырбек Сарпашев УКМК менен кызматташып, баалуу маалыматтарды берди. Бул тууралуу бүгүн, 8-июлда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев билдирди.

«Биринчи вице-премьер болуп турган маалында жасаган кылмыштары боюнча баалуу маалыматтарды берди. Ошондуктан ал адам тергөө менен макулдашып, ал адамды үй камагына чыгардык. Бирок ал ар бир күн суракка келип жатат. Ал эми мыйзамсыз баюу боюнча башка иш. Аны өзүнчө карайбыз», — деди төрага.

Тайырбек Сарпашев 18-июнда УКМК тарабынан кармалган. Ал эми эртеси, 19-июнда Биринчи Май райондук сотунда баш коргоо чарасы каралып, эки айга камакка алынган болчу. Ал эми 29-июнда ал эч жакка кетпөө тил каты менен бошотулган.