УКМК Тажикстанга аткезчилик жолу менен ташылып бараткан жүк боюнча үн катты

Лейлек чек арачылары чек арадан чек арадан мыйзамсыз көмүр ташуунун алдын алышты. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Баткен облусунун Кароол-Дөбө аймагында кызмат өтөп жаткан чек арачылар көмүр жүктөлгөн SHACMAN унаасын аныкташкан. Ал Кыргызстандан Тажикстанга өткөрүү пунктунан тышкары бара жаткан.

Айдоочу чек арачынын «токто» деген мыйзамдуу талабына эч кандай реакция кылбай унааны айдап жөнөгөн. Чек арачы жүк ташуучу унааны кубалай баштаган. Качып бара жаткан унаа капталына оодарылып кеткен. Кармалган айдоочу жана жүргүнчү Кыргыз Республикасынын жарандары болгон. 

Кечээ Лейлек районунун жергиликтүү жашоочулары контрабандалык жүк ташуучу унаа оодарылып калганы тартылган видео менен бөлүшүшкөн эле.