Кармалган эки жаран башка бир жаранга Базар-Коргон шаарынын мэринин кызматына кайра келтирүүгө көмөк көрсөтүү үчүн жана анын ишенимине кирип, жеке кызыкчылыкты көздөп, андан ары президент Садыр Жапаровго өткөрүп берүү шылтоосу менен 20 миң доллар өлчөмүндөгү акча каражатын ээлеп алышкан. Ошол эле учурда кармалгандар мурда берген убадаларын аткарбай, акчасын кайтарбай, аны коркута башташкан.
Учурда кармалгандар УКМК тергөө абагына киргизилип, ыкчам-тергөө иш-чаралары уланууда.
УКМК жарандарды алдамчылык жана башка мыйзам бузуулар боюнча маалыматы болсо 0312660475, 0312626504 телефону аркылуу нөөмөт кызматына кайрылууну өтүнөт.