Кадыр Досоновдун уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү «Бойко» кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
“Бойко” каймана аты менен белгилүү болгон А.А.А. жеке материалдык пайда алуу максатында, ошондой эле башка кылмыштуу максаттарды көздөп, жогоруда айыл өкмөтүнүн, «Кадастр” мамлекеттик мекемесинин жана архитектуранын айрым кызмат адамдары менен тил табышып, алар Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн аймагындагы 8414 гектар жайыттын 500 гектарга жакынын сатып жиберишкен. Белгиленген участоктор 10 миң долларга жана андан жогору баага сатылып, натыйжада мамлекетке ири өлчөмдө зыян келтирилген.
Ошол эле учурда, аффилирленген жактарга жайыт участоктору таризделгени, алар кийин башка адамдарга, анын ичинде чет өлкөлүк жарандарга кайра сатылганы такталган. Жыйынтыгында түшкөн акча каражаттары жогоруда аталган жактар тарабынан турак/турак эмес жайларды курууга, ар кандай коммерциялык иштерге, ишкердик субъекттерин ачууга же сатып алууга салуу жолу менен легалдаштырылган.
Учурда УКМК тарабынан аталган кылмышка тиешеси бар адамдарды аныктоо жана бул факты боюнча бардык жагдайларды тактоо боюнча тиешелүү ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.