Кара-Кулжа райондук “Кадастр” бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучусу кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
УКМК сотко чейинки өндүрүштүн алкагында тергөө-ыкчам иш-чараларынын комплексин узак мөөнөттүү иштеп чыгууда жана ишке ашырууда, Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренесинин 1-бөлүгүндө (коррупция) каралган кылмышты жасаган деген шек менен “Кадастр” Кара-Кулжа райондук бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу кармалып, УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Азыркы учурда тергөө иштери улантылууда.