Бишкектин вице-мэри Азат Узаков камакта калтырылды. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Биринчи Май райондук сотунан билдиришти.
«Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун 19-февралындагы токтомуна ылайык, Азат Узаковго карата бөгөт коюу чарасы катары камакка алуу түрү 18-апрель күнүнө чейин тандалды жана ал Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тергөө изоляторуна деп белгиленди», — деп айтылат маалыматта.