Майнинг-ферманын мыйзамсыз иш-аракеттерине бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Маалыматка караганда, Нарын шаарынын аймагында ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө, сотко чейинки өндүрүштүк материалдардын негизинде, Кыргыз Республикасынын жараны 118 даана өлчөмүндө майнинг-ферманы жеке үйгө орнотуп мыйзамсыз пайда алып жүргөнү аныкталган.
Ал өзүнүн мыйзамсыз иш-аракеттерин жашыруу максатында, майнинг-фермасынын жайгашкан жерин, ошондой эле ал жердин үн изоляциясын жана желдетилишин жашыруу боюнча максаттуу иш-чараларды уюштурган. Азыркы учурда УКМК тарабынан мыйзамсыз иштерге катыштыгы бар адамдардын бардыгын аныктоо иштери улантылууда. Учурда тергөө иштери уланып жатат.