УКМК тарабынан Салык кызматынын жана Транспорт министрлигинин кызматкерлери кармалды (сүрөт)

УКМК тарабынан Экономика жана каржы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын жооптуу кызматкерлери жана Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин кызматкерлери кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматка караганда, кармалгандарга Кылмыш-жаза кодексинин 319-беренесинин 1-бөлүгү (коррупция) боюнча кылмыш иши козголгон. Алар ЕАЭБ өлкөлөрүнөн Кыргыз Республикасына керектөөчү товарларды импорттоодо коррупциялык схемаларды уюштурууга шектелип жатышат.

ЕАЭБ өлкөлөрүнөн эл керектөөчү товарлардын “Ак-Тилек” салыктык каттоо пункту жана ушул эле аталыштагы транспорттук көзөмөл пункту аркылуу үзгүлтүксүз өтүшүн камсыз кылуу үчүн акча каражаттарын алуу фактысы боюнча көрүлгөн чаралардын натыйжасында, жогоруда аталган ведомстволордун төмөнкү кызматкерлери кармалып, жеткирилген, алардан маркаланган акча каражаттары түрүндөгү буюм далилдери табылган:
1. Чүй, Талас жана Ош облустары боюнча ЕАЭБ алкагында салыктар менен иштөө боюнча Мамлекеттик салык кызматыны башкармалыгынын талдоо жана мониторинг бөлүмүнүн башкы инспектору, андан жеке тинтүү учурунда 4 миң сом өлчөмүндөгү маркаланган акча каражаттары табылды;
2. Мамлекеттик салык кызматынын Чүй жана Талас облустары боюнча ЕАЭБ алкагындагы салыктар менен иштөө башкармалыгынын башкы инспектору, андан жеке тинтүү учурунда 6 миң сом өлчөмүндөгү маркаланган акча каражаттары табылды;
3. Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин транспорттук көзөмөл кызматынын инспектору, андан жеке тинтүү учурунда 5 миң сом өлчөмүндөгү акча каражаты табылды, анын 1 миң сому маркаланган акча каражаты;
4. Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин “Ак-Тилек” салмак-габариттик көзөмөл пунктунун башкы инспектору.

Тинтүү иш-чараларынын жүрүшүндө ЕАЭБдин алкагында Чүй облусу боюнча Мамлекеттик салык кызматынын кыйыр салыктар менен иштөө башкармалыгынын башкы инспектору Хонда үлгүсүндөгү унаасынан «Ак-Тилек» Товарларды салыктык эсепке алуу пунктунун айрым кызмат адамдары тарабынан тиешелүү документтери жок же товарлардын баасы төмөн бааланган товарларды тоскоолдуксуз өткөргөндүгү үчүн сый акы катары системалуу түрдө алынган 114 миң 300 сом накталай акча каражаты табылды. Бул өз кезегинде салык төлөмдөрүнүн жетишсиздиги түрүндө мамлекетке чоң зыян келтирет.

«УКМК тарабынан жогоруда аталган адамдардын катышуусунда комплекстүү ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө, анын жыйынтыгы боюнча алардын аракеттерине юридикалык баа берилип,  Жазык-процесстик кодексинин нормаларына ылайык чечим чыгарылат», — деп айтылат маалыматта.