УКМК тарабынан пара алып жаткан ИИМдин кызматкерлери кармалды

Ички иштер министрлигинин Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкы башкармалыгынын кызматкерлери 6 миң доллар өлчөмүндө пара талап кылып алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

УКМК тарабынан атайын кызматка кылмыш ишине оң чечим чыгаруу үчүн 6 миң доллар өлчөмүндө пара талап кылып жаткандыгы боюнча милиция кызматкерлерине карата чара көрүү өтүнүчү менен жаран кайрылган. Бул факты боюнча УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүгү (опузалап пара талап кылуу) боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө иштеринин жүрүшүндө бул факты тастыкталып, 22-февралда ИИМдин Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкы башкармалыгынын кызматкерлери пара алып жаткан жеринен кармалышты. Азыркы учурда кармалгандар УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.