УКМК тарабынан Транспорт жана жолдор министрлигинин кызматкерлери кармалды (сүрөт)

Транспорт жана жолдор министрлигинин автоунаа, суу транспорту жана салмак-габариттик көзөмөл агенттигинин Баткен аймактык башкармалыгынын транспорттук көзөмөл пунктунун жооптуу кызматкерлери кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

“Көк-Талаа” транспорттук көзөмөл пунктунун кызматкерлери кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, пайда көрүү максатында, салмактык-габариттик көзөмөлдүн берилген ченемдерин бузууну менен мамлекеттин кызыкчылыгына ири өлчөмдө зыян келтиришкен»,- деп айтылат маалыматта.

“Көк-Талаа” пунктунун айрым кызматкерлери тарабынан мыйзамсыз иш-аракеттерге, тагыраак айтканда, оор жүк ташуучу унаалардын айдоочуларынан акча каражатын талап кылуу жана системалуу түрдө өндүрүп алуу фактылары аныкталган.

13-ноябрда УКМКнын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чаралардын натыйжасында, пара катары акча каражатын алган деген шек менен Транспорт жана жолдор министрлигинин автоунаа, суу транспорту жана салмак-габариттик көзөмөл агенттигинин Баткен аймактык башкармалыгынын бөлүм башчысы жана “Көк-Талаа” ТКПнун башкы инспектору кармалып, Баткен облусунун Кызыл-Кыя ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Азыркы учурда УКМК бул иштин жагдайларын жана кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча тийиштүү ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүүдө. Тергөөнүн жыйынтыгы менен бардык күнөөлүүлөрдүн аракеттерине тиешелүү юридикалык баа берилет.