Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү 2 миллион талап кылган. Ал УКМК тарабынан кармалды (видео)

Уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

12-ноябрда УКМК тарабынан өзгөчө ири өлчөмдө пара талап кылуу фактысы боюнча жүргүзүлгөн Жазык кодексинин 203-беренесинин 3-бөлүгүнүн 2-пункту (опузалап талап кылуу) боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында, акча каражатын алып жаткан жеринен уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү кармалды. Кармалган жаран күч колдонуу жолу менен коркутуп, 2 миллион сом акча каражатын опузалап талап кылганы аныкталды. Шектүү УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Азыркы учурда бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралары улантылып жатат.