УКМК: «Тазалыктын» экс-директору мамлекетке келтирген зыянды кайтарып, үй камагына чыкты»

«Тазалыктын» директору мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толугу менен төлөп берди. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. 

22-мартта УКМК кызматкерлери тарабынан козголгон кылмыш ишинин алкагында, ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактылары боюнча «Тазалыктын» мурдагы директору кармалган. Ал «Тазалык» ишканасынын муктаждыктары үчүн материалдык-техникалык каражаттарды сатып алууга багытталган акча каражатын ыйгарып алуу боюнча күнөөсүн мойнуна алып, келтирилген зыяндын ордун толугу менен, башкача айтканда 5 миллион 167 миң 600 сом өндүргөн.

Буга байланыштуу Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун судьясы Сарпашовго карата 9-апрелге чейин үй камагына алуу түрүндөгү баш коргоо чарасын тандаган. «Учурда ага карата козголгон кылмыш ишинин алкагында акыркылар тарабынан мүмкүн болгон мыйзамсыз аракеттердин башка фактылары текшерилүүдө. Иш сотко өткөрүлөт», — деп айтылат маалыматта.