УКМК: Токтогулдагы Жалпы медициналык практика борборунун башчысы кармалды

УКМК тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында Токтогул районундагы Жалпы медициналык практика борборундагы коррупциялык схеманын бети ачылып, анын натыйжасында мамлекетке 1 миллион сомдон ашык материалдык зыян келтирилгени ачыкталды. Бул тууралуу атайын кызматтан маалымдашты.

Токтогул районундагы Жалпы медициналык практика борборунун башчысы кызматтык ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдаланып, жеке пайда көрүү максатында подрядчы тарабынан келишимдин шарттарын иш жүзүндө аткарбаган иш актыларына кол койгонуна шектелүүдө. Бул факты боюнча материалдар Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 2-бөлүгүндө (кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу, өзүнө же башка адамдарга же башка жеке кызыкчылыктарга пайда алып келүү максатында) каралган кылмыш белгилери боюнча Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталды. Кармалган жаран УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Азыркы учурда тергөө иштери жүрүп жатат.