Онкология жана гематология боюнча улуттук борбордун дарыгери бейтаптардан системалуу түрдө акча талап кылгандыгы үчүн кармалды. Бул тууралуу УКМКдан маалымдашты.
УКМК Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу борбордо системалуу түрдө акча чогултуу фактысы боюнча жарандардын УКМК жетекчилигинин дарегине бир нече жолу кайрылгандыгына байланыштуу, сот тарабынан санкцияланган тергөө иш-чаралары уюштурулуп, анда аталган борбордун дарыгери тарабынан системалуу түрдө акча чогултуу жана алуу фактылары аныкталган.
28-январда козголгон кылмыш ишинин алкагында борбордун дарыгери – 1988-жылы туулган С.М.П. кармалды, ал системалуу түрдө онкологиялык оорулууларга жасалган операциялар жана акысыз медициналык кызмат көрсөтүүлөр үчүн, ошондой эле акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөр үчүн алынган төлөмдөрдү реестрге каттабастан, алар боюнча квитанцияларды бербестен акча каражаттарын бейтаптардан алып жүргөн. Буга байланыштуу санкцияланган видео байкоонун жүрүшүндө аталган дарыгер тарабынан пара алуунун көптөгөн фактылары тастыкталган. Дарыгердин кабинетин тинтүүнүн натыйжасында бейтаптардан алынган 119 миң сом жана 100 доллар табылып, алынган.
Козголгон кылмыш ишинин алкагында дарыгер УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Борбордун кызматкерлеринин арасынан кылмышка тиешеси бар башка кызматкерлерди аныктоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары улантылууда.
УКМК коррупцияга каршы күрөшүү чөйрөсүндөгү мыйзамдардын катаалдашканына байланыштуу, өлкөбүздүн мамлекеттик жана муниципалдык органдарындагы коррупциялык кылмыштарды аныктоо жана бөгөт коюу боюнча активдүү жана максаттуу иштер жүргүзүлүп жатканын эскертет.