УКМК: «Уюшкан кылмыштуу топтун өкүлдөрүнөн курал табылды»

УКМК тарабынан уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнөн мыйзамсыз сакталган курал-жарактарды алуу боюнча жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын алкагында, Чүй облусунун Кемин районунун аймагынан белгисиз үлгүдөгү тапанча, жылмакай сайлуу мылтык, Ф-1 кол гранатасы жана 5,6 × 15,6 миллиметрлик R үлгүсүндөгү ондогон ок-дарылар сакталган жер табылды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Алдын ала алынган маалыматтар боюнча, алынган курал-жарак, ок-дарылар, жардыргыч заттар жана жардыргыч түзүлүштөр кылмышкерлер тарабынан өзгөчө оор кылмыштарды жасоо үчүн даярдалган. Алынган буюмдардын кайдан келгендигин жана бул жашыруун жайды уюштурган адамдарды аныктоо боюнча иш-чаралар жүргүзүлүүдө.