УКМКнын кызматкерине пара берген жаран Алайдагы жер тилкесин мамлекетке кайтарып берди

Ош облусунун Алай районундагы мурда сүт-товар фермасына таандык болгон жер тилкесин менчиктештирүүдөгү тартип бузуулар аныкталып, мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

«Буга чейин жер тилкенин ээси УКМКнын кызматкерине текшерүү иштерин токтотуу үчүн пара берип жаткан учурда кармалган. Көрүлгөн чаралардын натыйжасында, сүт-товар ферманын жер тилкесинин ээси бул мүлккө ээлик кылуунун укукка жатпагандыгын түшүнүп, жогоруда белгиленген жер участогун өз ыктыяры менен мамлекеттин балансына кайтарып берди», — деп жазылат маалыматта.

Аталган жер тилкеси 1995-жылы бир катар мыйзамдарын бузуу менен жеке менчикке чыгарылгандыгы аныкталган.