УКМКнын кызматкерине 200 миң сом пара берүүгө шектелип жаран кармалды

УКМК кызматкерине пара берип жаткан жеринен Кыргыз жараны кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

УКМК тарабынан 12-май күнү Ош облусунун Ноокат районунун тургунунун башкаруусунда коңшу мамлекеттен Кыргыз Республикасынын аймагына контрабандалык жол менен алып келинген 25 тонна минералдык жер семирткич ташып бара жаткан оор жүк ташуучу унаа Кадамжай шаарынын аймагында кармалган. Ошол эле учурда жүктүн ээси Ноокат районундагы Бел айылынын тургуну экендиги аныкталган.

Жаран жүк контрабандалык жол менен ташылып келгендигин мойнуна алып, бул фактыны жашыруу жана кылмыш жоопкерчилигинен кутулуу максатында УКМК кызматкерине акчалай каражатты сунуштай баштаган. Жыйынтыгында, бул факты Кылмыш-жаза кодексинин 345-беренесинде (пара берүү) боюнча каралган кылмыштын негизинде сотко чейинки өндүрүш иштери кылмыштардын реестрине катталган. Ошол эле күнү 200 миң сом акча каражатын берип жаткан учурда жаран кармалды. Учурда тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралар жүрүп жатат.