29-мартта УКМКнын кызматкерлери тарабынан Баткен райондук сотунун санкциясына ылайык, Баткен областынын Лейлек районунун Жаштык айылынын жанында жайгашкан кампага жана ага жакын жердеги «BS-Petrol» май куюучу жайына тинтүү жүргүзүлдү. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Тинтүү иштеринини натыйжасында, күйүүчү-майлоочу материалдарды ташуу үчүн салондоруна атайлап жасоо жолу менен контейнерлер орнотулган «Ssang Yong Musso» жана «Opel Zafira» үлгүсүндөгү автоунаасы кармалды.
Кармалган унаалар КР УКМК чек ара кызматынын «Кайрагач» текшерүү пунктуна жеткирилип берилди.
Азыркы учурда фактылык жагдайларды жана контрабандага тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралар жүргүзүлүүдө.












