УКМКнын мурдагы төрагасы Орозбек Опумбаев 2-декабрда Бишкектин Биринчи Май раойндук сотуна Кой-Таш окуясы боюнча күбө катары көрсөтмө берүү үчүн барганын «Азаттык» жазды.
Соттук жараянга кирер алдында ал 2020-жылдагы Октябрь окуясындагы жоопкерчилиги, Кой-Таш окуясы тууралуу журналисттердин суроолоруна жооп берүүдөн баш тартып, “соттук отурумдан кийин комментарий берем” деп убада кылган.
Бийлик алмашууга алып келген 2020-жылдагы октябрь окуяларынан бери ИИМдин жана УКМКнын мурдагы жетекчилери Кашкар Жунушалиев менен Орозбек Опумбаевдин кайда экени белгисиз болуп жаткан.