Бүгүн, 5-апрелде Бишкек шаардык соту УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин уулу — Темирлан Ташиевге карата чыгарылган биринчи инстанциядагы соттун өкүмүн жокко чыгарды. Бул тууралуу Бишкек шаардык сотунун басма сөз кызматынан билдиришти.
Шаардык сот Темирлан Ташиевдин жактоочуларынын кассациялык даттануусун жарым-жартылай канааттандырды. Жактоочулар Темирланды толук актоону суранышкан. Жыйынтыгында, кылмыш иши Октябрь райондук сотуна кайра кароого жөнөтүлдү.
2013-жылы 1-декабрда милиция кызматкерлери Бишкек шаарындагы жогорку окуу жайдын студенттерин кармаган. Алардын арасында Ташиевдин уулу дагы бар болчу. Ошол учурда Бишкек ШИИББдин басма сөз кызматы студенттер 5-кичи райондо токтоп турган «Хонда Аккорд» унаасынын дөңгөлөгүн уурдоого шектелип жатканын билдирген.











