Украинадагы согушка катышып жүргөн Кыргыз жараны кармалды

Украинанын аймагында согуштук аракеттерге катышкан Кыргыз Республикасынын жараны кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматка караганда, Кыргыз жараны болуп, Украинанын аймагына көчүп барып, ал жердеги аскердик топтордун катарында аскердик операцияларга катышкан. 11-январда Кыргыз жаранынын чет мамлекеттин аймагындагы куралдуу кагылышууга катышуу фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча кошумча чаралар көрүлүп жатат. Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Кыргыз жаранынын чет мамлекеттин аймагындагы куралдуу кагылышууга катышкандыгы үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартыларын эскертет.