Каракол шаарында ири суммадагы акчаны опузалоо фактысы боюнча шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБден билдиришти.
1-сентябрда Каракол ШИИБге 1987-жылы туулган жаран арыз менен кайрылган. Анын айтымында, эки жаран анын уулуна козголгон кылмыш ишин «жабууга жардам беребиз» деп коркутуу жолу менен ири суммадагы акча талап кылышкан. Бул факты катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси — «Опузалап талап кылуу» боюнча кылмыш иши козголгон.
Тиешелүү атайын тергөө аракеттеринин алкагында, 4-сентябрда арыз ээси опузалап акча талап кылгандардын бирине талап кылынган сумманын бир бөлүгү — 30 миң сомду берген. Андан кийин, атайын тергөө амалдарынын алкагында, 11-сентябрь күнү 125 миң сомду талап кылып алуу учурунда Каракол ШИИБдин кызматкерлери тарабынан шектүүлөр кармалышкан.











