Укук коргоочу Камил Рузиев Ысык-Көл облусунун Түп районунун Чоң-Таш айылында майып кыздар зордукталганын билдирди. Бул тууралуу ал Twitter баракчасына жазды.
Анын айтымында, райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери кылмышка шектүүнү кармашкан.
«Түп районунун Чоң-Таш айылында үч кыз зордукталган, алардын экөө жашы жете элек майып кыздар. Шектүү кармалып, Каракол шаарындагы СИЗО-3кө камалды», — деп жазган Камил Рузиев.
Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгы учурда иликтөө иштери жүрүп жатканын белгиледи. Бардык керектүү экспертизалар дайындалган.