«Улуттар аралык кастыкты козутуу». NEXT TV каналынын директору 48 саатка камакка алынды

NEXT TV каналынын директору Таалай Дүйшенбиев 48 саатка камакка алынды. Бул тууралуу телеканалдын баракчасында жазылды.

«330-берене (улуттар аралык кастыкты козутуу) менен иш козголду. NEXT TV каналынын директору Таалай Дүйшенбиев 48 саатка камакка алынды. Сурак болот. Бүрсүгүнү сот болот. Эфирди токтотуу туура эмес», — деп айтылат маалыматта.

Буга чейин аталган канал Казакстандын атайын кызматынын мурдагы башчысынын айтканына шилтеме берүү менен маалымат жарыялап, аны социалдык түйүндөрдө таратканы үчүн кылмыш иши ачылганы маалым болгон. Экспертиза бул маалыматта «улуттар аралык кастык козутуучу белгилер бар» деп тапкан.