Улуттук бейтапканага Тез жардам менен жеткирилген жаран каза болду. Шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу Биринчи Май РИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Кечээ, 29-декабрь саат 14:48 чамасында Бишкек ШИИБдин “102” кызматына Улуттук бейтапкананын жандандыруу бөлүмүнөн өздүгү аныктала элек, болжол менен 30-35 жаштар чамасындагы эркек киши каза болуп калганы тууралуу маалымат түшкөн. Тергөөнүн жүрүшүндө каза болгон 1990-жылы туулган жарандын өздүгү аныкталган.
Аталган факты боюнча кылмыш иши козголуп, 1996 жана 2000-жылы туулган шектүүлөр аныкталып, кармалган. Алар Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Ошону менен бирге учурда кармалган шектүүлөрдүн башка кылмыш фактыларын жасоого катыштыгы бар экендиги аныкталууда.
Посмотреть эту публикацию в Instagram