Опузалап пара талап кылуу фактысы боюнча «Кыргызстандын улуттук электр тармактары» ААКтын Бишкек электр тармактар ишканасынын жооптуу кызматкери кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
25-декабрда Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 3-бөлүгүндө (өзгөчө ири өлчөмдө пара талап кылуу) каралган кылмыштын белгилери боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында 1 миллион 50 миң сом өлчөмүндө акча каражатын алып жаткан учурда «Кыргызстандын улуттук электр тармактары» ААКтын Бишкек электр тармактар ишканасынын ишенимдүүлүк жана техникалык коопсуздук кызматынын улук инспектору 1983-жылы туулган жаран кармалып, №1 тергөө абагына киргизилди.
Ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө кармалган жаран материалдык кызыкчылыкты көздөп, жаңы турак жай комплекстерин электр тармагына кошуу үчүн техникалык шарттарды берүүдө жеке курулуш компанияларынан акча талап кылгандыгы аныкталган.