«Унаа экиге бөлүнүп калган». Түндө Бишкекте катталган үрөй учурган жол кырсыктын видеосу тарады

22-январга караган түнү Бишкектеги Түштүк магистралда үрөй учурган жол кырсык катталган. Бул тууралуу окуянын күбөлөрү жазып, видео менен бөлүшүштү.

Маалыматка караганда, жол кырсыкта унаа экиге бөлүнүп калган. Алдын ала айтылган маалыматтарга караганда, унаада 4 киши болгон жана анын экөө ошол жерде көз жумган.

Кайгуул милиция окуя тууралуу азырынча маалымат бере элек.