Алайда жол кырсыктын кесепетинен 2 адам көз жумду. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Маалыматка караганда, Ош-Сары-Таш-Эркештам унаа жолунун 93-чакырымында Тойота Ист унаасынын айдоочусу рулга ээ боло албай оодарылып, Гүлчө суусуна түшүп кеткен. Жерине Алай райондук №68 ӨКБдан 4 куткаруучу тартылган. Кырсыктын кесепетинен 1970-жылы туулган эркек киши жана 1971-жылы туулган аял киши көз жумган.
Куткаруучулар унааны жана каза болгон адамдарды суудан чыгарышып, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришкен.