«Унаа оодарылып кеткен». Жалал-Абадда жол кырсыгы катталды (сүрөт)

Бишкек-Ош унаа жолунда жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, кырсык Бишкек-Ош унаа жолунун 250-чакырымында саат 08:43те катталган. Анда Спринтер үлгүсүндөгү унаа оодарылып кеткен.

Жол кырсыктын кесепетинен 1988-жылы туулган жаран женил жаракат алып, ооруканага жеткирилген. Абалы жакшы. Абалды көзөмөлдө үчүн Токтогул райондук №97 ӨКБнөн 4 куткаруучу тартылган.