Унаада өспүрүм кызды уруп коркуткан окуя. Милиция өспүрүмдү денесиндеги жаракаттардан коркуп үйүнө барбай жүргөнүн билдирди

Июль айынын аягында социалдык тармактарга өспүрүм кызды «фонддун акчасынан 10 миң сомду уурдап алдың» деп айыптап, коркутуп-үркүтүп чыркырата сабаган видео тараган. Ош ОИИБ аталган окуядагы кыз аныкталып, көрсөтмө бергенин билдирди.

— Текшерүүнүн жүрүшүндө кыздын аты-жөнү такталып, ал Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарынын тургуну, 17 жаштагы С. кызы Г. экендиги белгилүү болду. Кыз мыйзамдуу өкүл катары апасы 44 жаштагы И.Б.нын катышуусунда окуя боюнча көрсөтмө берген. Ага ылайык, 8-июнь күнү саат 22:00 чамасында Ош шаарынын Келечек базарында жүргөн жеринен кылмышка шектүү Э.Б. кызды унаасына салып кеткен. Унаада шериги болгон Х. аны акчаны алдың деп сабаганда Э.Б. видеого тарткан. «Андан кийин Э.Б.нын машинасы бузулуп, мени такси менен Ноокат шаарына салып жиберген» деген көрсөтмөсүндө. Өспүрүм кыз Х. аттуу бала уруп, денесинен жаракат алгандыктан коркуп үйүнө барбай жүргөндүгүн билдирген.
Ал эми Э.Б.нын окуя 2020-жылы болгон деген көрсөтмөсүн жабырлануучу четке кагып, окуя 2022-жылдын 8-июнь күнү болгондугун айткан. Ал факты күбөлөрдүн көрсөтмөсү менен далилденген.  Учурда териштирүү иштери жүргүзүлүүдө», — деп жазат басма сөз кызматы.

Эске салсак, 25-июль күнү социалдык тармактарга жигиттин кызды «суракка алып» коркутуп-үркүткөн видеосу тарап, кылмышка шектүү кармалган. Шектүү буга чейин 3 ирет соттолгондугу аныкталган.