Унаага жабышкан жаран менен кошо унаасын айдаган айдоочуга айып салынды (видео)

Социалдык тармактарга унаага жабышкан адам менен кошо унаасын айдап кеткени тартылган видео тараган. Окуя боюнча Милициянын кайгуул кызматы маалымат таратып, айдоочу аныкталганын билдиришти.

Маалыматка караганда, унаага жабышкан жаранды сүйрөгөн айдоочуга Укук бузуулар кодексинин 189-беренесине ылайык (авто ээнбаштык) 7,5 миң сом айып салынып, унаасы убактылуу токтотуучу айып короо жайына киргизилген.

Ал эми унаанын үстүндөгү жаранды издеп табуу иштери уланууда. Бул көрүнүш 21-майда Жаш Гвардия бульвары менен Лев Толстой көчөлөрүнүн кесилишинде орун алып, окуя урушуудан улам келип чыккандыгы аныкталган.